• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түрк салык төлөөчүүлөрүнүн эсебинен курулган “Сапат” мектебинин имараты “ Маарифке” өтүшү пландалып жатат

11 Аяк оона 2018 12:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV

“Сапат” билим берүү мектептери түрк салык төлөөчүлөрүнүн эсебинен курулган. Аталган мекемелерди “Маариф” фондуна өткөрүү каралып жатат. Бул туурасында  Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси, Женгиз Камил Фырат билдирди.

Анын айтымында, түрк бийлиги  «Сапат» мектептерин жабууну эмес, аларды өткөрүп берүүнү талап кылат.

Элчи, “Маариф” фондунун мектептерин Кыргызстанда ачуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калгандыгын, баса белгилеп, “Манас” университети сыяктуу эле бул фонд дагы ийгиликтүү иш алып барарын кошумчалады.

Мындан сырткары фонд алгач Бишкек шаарында иш баштап, кийин аймактарга да жайылаарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Түркиядагы 2016-жылдын 15-июнундагы төңкөрүш жасоого аракет кылгандан кийин, Фетхуллах Гюлендин Кыргызстанда иш жүргүзүүсүнө каршы талап койгон эле. Бирок, мурунку Президент Алмазбек Атамбаев макулдук бербей, эки өлкөнүн мамилеси солгундай түшкөн.

Азыркы Түркия бийлиги АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гюленди мамлекеттин душманы деп эсептешет.

Ошондой эле Түрк бийлиги Кыргызстандагы “Сапат” (мурдагы Себат)  билим берүү мекемеси Гюлендин жолун жолдоочуларынын тарабынан курулганын айткан. Кыргызстан өз убагында бул мекеме жабылбай, ишин улантаары айткан. Мындан кийин Түркия “Сапаттын” ордуна “Маариф” мамлекеттик фонду менен иштешүүнү сунуштаган.

Түркиянын элинин башчысы Эрдогандын жакында келген иш сапарынын алкагында, “Маариф”  билим берүү мекемелерин ачуу максатында меморандумга кол коюу каралган.  Бул меморандумдун негизинде тиешелүү келишим иштелип чыгып жактырылса, аталган фондун мектептери Кыргызстанда ачылып калышы мүмкүн.

Количество просмотров: 25