• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин жыйыны өттү

24 Аяк оона 2020 8:56 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 22-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин жыйыны өттү.

Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин төрагалыгы астында өткөн.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын орток Координациялык комитети Түрк кеңешинин 2019-жылдын 15-октябрында Бакуда өткөн 7-саммиттитинде мамлекет башчылары кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Орток координациялык комитетке ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондулары кирет. Бул Координациялык комитет Түрк кеңешинин башкы катчысынын төрагалыгында Түрк кызматташтык уюмдарынын ишмердүүлүгүн күчөтүү, алардын тыгыз кызматташтыгын, байланышын чыңдоо, бирдиктүү координацияны жакшыртууну камсыз кылуу, бири-бирин кайталаган иш-аракеттерди карап чыгуу жана Түрк кеңеши менен Түрк кызматташтык уюмдары арасында координациялык функцияларды жогорулатуу максатын көздөйт.

Жыйынга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдыралиев жана Түрк тилдүү элдердин маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Афандиева катышты.

Түрк кеңешинин башкы катчысы жыйында сүйлөгөн сөзүндө акыркы эки жылда Түрк кеңеши өзүнүн тарыхындагы эң иштиктүү жана жемиштүү иштердин турмушка ашкандыгын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле ал Түрк дүйнөсүнүн алкагындагы кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүү, жайылтуу максатында Түрк кызматташтык уюмдарынын ортосундагы жаңычыл көз караштарды, аракеттерди, өз ара алакаларды жакшы жолго коюну баса белгилеп өттү. Аны менен катар эле тыгыз, бекем байланышта иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк бар экендигин жана бул уюмдардын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугу мыкты алака-катыштын, эриш-аркак иштөөнүн жана биргелешкен, түрк дүйнөсүнүн кызыкчылыгына жооп берген максаттуу пландаштыруу болгондо гана ийгилик камсыздаларын кошумчалады.

Башкы катчы ТҮРКСОЙ жыл өткөн сайын эл аралык деңгээлде таанылып баратканын жана боордош түрк элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоодо маанилүү аянтчага айланганын, ТүркПА Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды, мамилелерди чыңдоодо башкы ролду ойногонун, Түрк академиясы илимий тармакта көптөгөн ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын жана Түрк маданияты жана мурасы фонду маданият жаатында түрк маданий мурасына барандуу салымдарын кошуп келе жаткандыгын да айтып өттү.

Башкы катчы бул жолугушуу оң натыйжаларды берерине ишенерин, бири-бирин кайталаган иш аракеттерди кыскартуу, макулдашылган иштиктүү аракеттерге өтүү үчүн Түрк кызматташтык уюмдарынын ортосундагы карым-катыш, бекем байланыш орток кызматташуунун кээ бир негиздери боюнча жалпы жана конкреттүү көз карашты түзүү, чечүү максатында Координациялык комитеттин өзгөчө мааниге ээ экендигине жана чоң ролду ойноруна жыйын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Жыйында Түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары жакынкы мезгилге пландаштырылган программаларынын негизинде координацияны жакшыртуунун жолдорун талкуулашты жана 2020-2021-жылдардын аралыгында уюштурула турган биргелешкен иш-чаралар жөнүндө өз ара пикир алышты.

Координациялык комитеттин мүчөлөрү Түрк кызматташтык уюмдары иштеп жаткан негизги багыттарын аныкташты жана ар бир уюм өзү алып бара жаткан иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн негизги принциптерди кабыл алды. Жыйында мүчөлөр тарабынан берилген сунуштардын негизинде 2020-2021-жылдар аралыгында Түрк кызматташтык уюмдарынын жылдык жол картасы даярдала тургандыгы белгиленди.

Жыйында ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Түрк ккадемиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондулары менен координациялык иштерди алып баруу маселеси Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раевге жүктөлдү.

Количество просмотров: 20