• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түркия: Кыргызстандан барган куткаруучулар ишке киришти (сүрөт)

8 Бирдин айы 2023 16:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан барган куткаруучулар ишке киришти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) берген тапшырмаларына ылайык, жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткаруу жумуштарын аткарышууда.

Учурда куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшерлер, психолог, издеп, куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар.

Куткаруу, тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалыматтар берилет.

Эске салсак, Кыргызстан зилзаладан жабыркаган түркиялык боордошторго көмөк көрсөтүү үчүн 63 адамдан турган куткаруучу топ жөнөткөн. 

Количество просмотров: 694