• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркия жарандарына паспорт берүү иши. Мурунку чиновник Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды

11 Теке 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурунку башчысы кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 11-июлда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек ш.ИИББнын тергөө кызматы, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандыгын Турция жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерде, камакка алынган жаран С.Д., мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин төрагасы болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 жана 99-беренелерине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Айрым маалымат каражаттары шектүү катары кармалган жаран 2013-жылдын июнунда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору болгон Дүйшөн Сатыбалдиев экенин жазышууда.

Количество просмотров: 371