• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Түркияда ур-токмокко кабылган кыз Кыргызстанга келди

20 Бештин айы 201713:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.01.17.Govori.TV

Түркияда полициянын ур-токмогуна кабылган кыргызстандык Ранохан Арипова дарыланган соң Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилги кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги окуядан кийин Арипова менен тыгыз байланышта болгон. Ошондой эле Стамбулдагы башкы консулдук кыргызстандык кызга кол көтөргөн полиция кызматкеринин жоопкерчиликке тартылышы боюнча сот органдары менен иш алып барууда.

Эске салсак, 4-октябрда Түркиянын социалдык түйүндөрүндө Анталиянын Алания аймагында эки полиция кызматкери жерде жаткан аялды сабап жатканы тартылган тасма тарап, катуу талкуу жараткан.

Ошондой эле учурда ур-токмокко алынган Арипова   туугандарынын жанында.

 

Количество просмотров: 24