• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркиядан келген жүргүнчүлөр аэропортто эки ирет текшерүүдөн өтүүдө

18 Жалган куран 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктарды медициналык кароо чараларын жүргүзгөн тиешелүү кызматтардын ишин жеринен дагы бир жолу текшерди.

Биринчи вице-премьер-министр Түркия Республикасынан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине байкоо салды. Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар аэропорттон эки ирет текшерүүдөн өтүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин негизинде коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Учурда тармактык мамлекеттик органдар текшерүү жол-жобосун оптималдаштыруу боюнча биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп жатат», — деди Кубатбек Боронов.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр обсервациялык жайдын иши менен таанышты. Карантинге алынган аймакты Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тейлейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, медицина кызматкерлеринин талабына ылайык карантинге алынган аймак байма-бай дезинфекцияланып, обсервациялык жайдан чыккан буюмдар медициналык калдык катары утилизацияланат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карантинге алынган аймакты тейлей турган кызматкерлер коопсуздук чараларын катуу сакташы керектигин эскертип, алардыкоргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тапшырма берди.

Количество просмотров: 318