• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркиянын президенти Эрдоган Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

12 Үчтүн айы 2021 10:57 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровдук шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эрдоган өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин дагы бир ирет билдирип, кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

«Бир тууган элдердин ортосундагы тыгыз достук мамилелерди жана кызматташтыкты бекемдөөгө мындан ары биргелешип иштөөгө даяр экендигимди билдирем», — деп жазылган куттуктоодо.

Количество просмотров: 112