• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркмөнстанда колго жасалган салюттун жарылуусунан үч киши каза болду

4 Үчтүн айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Лебап облусуна караштуу Чаржев районунда 1-январга караган түнү колго жасалган салюттун жарылуусунан үч киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алды.

Маалыматка караганда, жарылуу Гушчулар айылында жаңы жылдык балаты орнотулган аянтта болгон. Жыйынтыгында 14 жаштагы эки өспүрүм жана 40 жаштагы тургун көз жумган. Мындан тышкары жакын жерде турган бир баланын колу, дагы бир кишинин буту жулунуп кеткени, жалпысынан жарылуудан 20дан ашык тургун жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, өз алдынча жардыруучу зат жасоого шектүү катары жергиликтүү ширетүүчү кармалды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Лебап облустук укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, жарылуучу зат азот менен иштетилген кагазга толтурулган автоунаа амортизаторунун поршенинен жасалганын билдирди.

Түркмөнстанда салюттар менен фейерверктерди сатууга тыюу салынган. Жыл сайын тургундар жаңы жылдык майрамдардын алдында өз алдынча жарылуучу заттарды даярдап келишет.

Количество просмотров: 88