• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Түркмөнстанда Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирет

25 Аяк оона 2020 17:49 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бир нече документти парламенттин кароосуна алып чыгып, депутаттар аларды бир добуштан колдоп беришти. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Мамлекет башчы парламенттин кароосуна алып чыккан токтом долбоорлорунун арасында «Түркмөнстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын долбоорун жактыруу тууралуу», ошондой эле «Түркмөнстандын 2021-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын жактыруу тууралуу» документтер бар. Президент бул токтом долбоорлоруна парламент жактыргандан кийин дароо кол койду.

«Түркмөнстандын Конституциясын жакшыртуу боюнча өтө чоң жумуш аткарылды. Бул ишке катышкан калктын бардык катмарындагы өкүлдөргө, алардын ичинде бүгүнкү жыйындын активдүү катышуучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем», — деди Бердымухамедов.

Түркмөнстанда Конституцияны өзгөртүү жараяны былтыр күзүндө башталган. 2019-жылы 25-сентябрда парламент жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык комиссия түзүлгөнү кабарланган. Президент сунуштаган конституциялык реформа эки палаталуу парламент түзүү шылтоосу менен жүргүзүлгөн.

Түркмөнстанда Конституцияны өзгөртүү жараяны өлкө ичинде нааразылыктарды жаратып, өлкө сыртындагы түркмөн жарандары нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар Баш мыйзамды өзгөртүү — Гурбангулы Бердымухамедовдун керт башына сыйынууну күчөтүүгө жана анын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталганын билдиришүүдө.

Түркмөнстандын Конституциясына акыркы жолу 2016-жылы сентябрда өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын эң негизгиси Баш мыйзамдан президентикке талапкерлердин курагын чектеген норманы алуу болгон. Ага ылайык, азыркы президентке өлкөнү өмүр бою башкаруу мүмкүнчүлүгү ачылган.

Түркмөнстандын 1992-жылы кабыл алынган конституциясы буга чейин алты жолу (1995-1999-2003-2006-2008-2016-жылдары) өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 46