• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түркмөнстанда мугалим уурулук учурунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелүүдө

15 Теке 202114:16 Бишкек Govori.TV

Көз карандысыз Turkmen.news басылмасы 12-июлда Дашогуз шаарында 19 жаштагы кызды кошунасы өлтүргөнүн жазды.

Бул маалыматты “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Дашогуздагы кабарчысы да тастыктады. Маалыматка караганда, кызды өлтүрүүгө Дашогуз шаарынын №6 мектебинин дене тарбия мугалими шектелүүдө. Ал кошунасынын үйүнө уурулук максатында кирген. Үйдө мединституттун 1-курсун аяктап, эс алууга келген кызы болгон.

Шектүү уурулук учурунда кызды көрүп калып, аны балта менен чаап таштаган.

Turkmen.news агенттиги болсо кызды өлтүрүүгө кошуна ата-бала шектелип жатканын жазды.

Полиция шектүүлөрдү кармаган. Алар кошунасынын үйүнөн сейф уурдоону көздөшкөнүн, кыз аларды көрүп, качууга аракет жасаганда балта менен чаап ташташканын мойнуна алышкан.

Количество просмотров: 196