• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түштүк Кореяда Жогорку сот мурдагы президентке 22 жыл жаза берди

15 Үчтүн айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореянын Жогорку соту коррупция үчүн соттолгон өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хего карата өкүмдү бекитти. Ал 22 жыл камакта болот. 2018-жылы саясатчы 24 жылга кесилген. Бул чечим тууралуу 14-декабрда «Рёнхап» маалымат агенттиги билдирди.

Пак Кын Хе – 1979-жылы кол салуу учурунда өлгөн мурдагы президент Пак Чон Хинин кызы. 1998-жылы Кын Хе биринчи жолу атасы негиздеген партиянын атынан парламентке шайланган. 2012-жылы Түштүк Кореянын тарыхындагы алгачы аял президент болгон.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши 2016-жылы ал бийликте турган убакта ачылган. Түштү Кореядагы бир нече күнгө созулган ири акциялардан көп өтпөй парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялап, кызматтан кетирген. Экс-президент 2017-жылы камакка алынган. Ал курбусун мамлекеттик иштерге аралаштырууга жана коррупцияга айыпталган.

Андан мурун президент болгон Ли Мён Бак дагы коррупцияга айыпталып, былтыр февралда 17 жылга соттолгон. Андан мурунку президент Но Му Хён да жемкорлукка айыпталып, кийин ал өз жанын кыйган.

1980-жылдан бери Түштүк Кореяны башкарган сегиз президенттин төртөө түрмөгө камалып, үчөөнүн туугандары соттолгон, бирөө өз жанын кыйган, дагы бирине өлүм жазасы чыгып, бирок ырайым алган.

Количество просмотров: 1124