• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Түштүктө селден жабыркаган жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

15 Теке 2024 11:10 Бишкек Govori.TV

Учурда Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда. Кечээги селдин кесепетинен жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү аракети жасалууда.

Транспорт жана байланыш министрлигинин 15-июлдагы маалыматына ылайык, учурда Жалал-Абад-Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы), Ноокат-Араван (9-чакырымы), Мырзаке-Кара-Шоро (49-51-чакырымдар аралыгы) унаа жолдору убактылуу жабык. Жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатат.

Ак-Терек-Папан-Кожокелең (1-чакырымы), Ош-Төлөйкөн (7,4 жана 8,5-чакырымы), Топ-Жаңгак-Кара-Суу, Тамаша-Кызыл-Булак (7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы), Бишкек-Ош (660-чакырымы), Ош-Баткен-Раззаков (63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы), Ош-Сары-Таш-Эркечтам (42-44-чакырымдар аралыгы) жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 110