• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Түз эфир: БШК добуш берүүнүн жол-жобосун көргөзөт

18 ноября 2021 в 11:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-ноябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүп, бюллетендерди жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү.

Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүндөгү 7410 шайлоо тилкесинде уюштурулган иш-чарага 31 адам шайлоочу катары катышты. 

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. Жаңы шайлоо мыйзамдары менен өтүү алдында турган бул шайлоодо шайлоочулар үчүн да бир катар жаңы эрежелер кошулган.

Количество просмотров: 168