• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: БШК шайлоого катышкан саясий партиялар менен жолугушуу өткөрүүдө

1 Бештин айы 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан саясий партиялар менен жолугушуу өткөрүп жатат. Жыйынга парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен жана өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү катышууда.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыктары кантип саналып жатканы тууралуу маалымат берүүдө.

Ошол эле учурда азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Анда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүү ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетирүү талабын коюп жатышат.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты. Буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берип, негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян келбегенин айткан. Мындан улам айрым партиялар нааразы болуп, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 165