Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Араванда эки партия өкүлдөрүнүн ортосундагы мушташка байланыштуу маселени 24-сентябрда карай баштады. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова күч түзүмдөрүнөн тийиштүү маалыматтар алынганын билдирген.
20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Алтоо ооруканага түшкөн.
Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.
Булак: Азаттык