• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түз эфир: Президенттин катышуусунда «Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтүп жатат

1 Кулжа 202210:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Наристе” II Эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы өтүп жатат.

Фестивалдын алкагында борбор калаанын Чүй проспектисинде өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 3000ге жакын катышуучулардан турган параддык жүрүш өттү. Андан соң фестивалдын ачылыш аземи болот.

Андан кийин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балалык ыргагында” иш-чарасы өтөт.

Иш-чараларды УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтүп жатат.

Количество просмотров: 101