• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Саясий партиялардын тизмесин талдоо

9 Кулжа 2021 10:17 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алкагында, «Жалпы иш» коомдук фонду, анын ичинде, талапкерлердин тизмесиндеги кырдаалды, алардын каттоодон мурун кандай болгонун жана мандаттардын бөлүштүрүлгөндөн кийинки тизмеси кандай өзгөрүлгөнүнө да талдоосун жүргүздү. Бул тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоо боюнча эксперти Арсланбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, фонд өлкөнүн тогуз шаарында: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Кайыңды, Нарын, Талас, Токмокто өткөн шайлоолорго байкоо жүргүзүп, алардын ичинде үчөөсүндө шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды (Токмок, Ош, Бишкек).

«Баткен шаарында 4 саясий партия шайлоодо 7 пайыздык босогосун өтүшкөн. Бардык 4 партия талапкерлердин акыркы тизмесин өзгөртүшкөн, башкача айтканда 9 талапкердин тизмеси өзгөрүлүп, башка талапкерлер мандат алышкан. Мисалы, Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Кайыңды, Талас жана Нарын шаарларында, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жалпы 29 саясий партия жана 171 талапкер 7% шайлоо босогосун ашып өтүштү. Нарын шаарында 7 саясий партия шаардык кеңешке өттү. Бул партиялар 17 талапкердин тизмесиндеги ордун өзгөртүшкөн. Кайыңды шаарында 5 саясий партия шаардык кеңешке өттү. Тизмеде 1 талапкер өзгөргөн. Кеңешке өткөн «Столица», «Тынчтык», «Улуу-Журт» жана «Ыйман Нуру» саясий партиялары алгач катталуу үчүн берилген талапкерлердин тизмесин өзгөртүшкөн эмес. Талас шаарында 5 саясий партия шаардык кеңешке өтүшкөн, талапкерлердин баштапкы тизмесинен баштап 6 талапкерде өзгөрүүлөр болду. Шайлоо босогосунан өткөн «Республика» саясий партиясы өз тизмесин баштапкы калыбында калтырды. Каракол шаарында 5 саясий партия шайлоо босогосунан өтүшкөн, 7 талапкерде өзгөрүүлөр болду. «Ыйман Нуру» жана «Замандаш» саясий партиялары талапкерлердин берилген алгачкы тизмесин өзгөртүшкөн эмес»,-деди Өмүрзаков.

Количество просмотров: 98