Шайлоо жүрүшүнүн акыркы жыйынтыктары тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берүүдө.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.
Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.
Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар. 3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.