• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таабалды Тиллаев: Президентке жаңы учак белекке бериш керек

18 Тогуздун айы 2018 16:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Депутат Таабалды Тиллаев президентке жаңы учак белекке бериш керектигин айтты. Бул тууралуу ал өз оюн  парламенттин отурумунда айтып чыкты.
Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, Ту-154 учагы менен болгону мамлекет башчысы учат.  Жаңы учакты каржы жетишсиздигинен улам мамлекеттин сатып алууга чамасы жетпейт.
Таабалды Тиллаев министрлик башка компаниялар жана өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү беле деп кызыкты. «Бул бортту Орусия белекке берген. № 1 бортту Өзбекстандын башчысына беришкен. Биз Түркия менен достук мамиледебиз. Президент бул маселени көтөрүп чыкса болот. Ал катардагы жарандар менен учуп жүрөт, буга биз кубанбашыбыз керек. Анын коопсуздугун ойлонушубуз зарыл», -деди эл өкүлү.
Количество просмотров: 33