• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Табып Хашим Зайналиев камакка алынды

23 Бештин айы 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV


Өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиев камакка алынды. Бул тууралуу журналист Бейшенбек Бекешов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, 22-декабрда милиция Зайналиевди тергөөгө чакырган. Ошол жерден ага “Алдамчылык” беренеси боюнча экинчи кылмыш иши ачылганы айтылып, убактылуу тергөө жайына камакка алынды.

Тергөөгө барганда эле «2016-жылы бирөөдөн алдап акча алыптырсың» деп камакка алышты. Хашим аны тааныбайт да экен.

Зайналиевдин кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов да ырастады. Анын айтымында, учурда табып оорулууларды кабыл алган үйдө 19 бейтап жатат. Алар арыз жазуудан баш тарткан.

Ал жерде жаткандардын экөөнүн абалы оор экен. Учурда бейтаптарды тез жардам кызматы нөөмөттөшүп карап жатат. Ал жерде табып пайдаланган чөптөр экспертизага алынды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу») менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. Милицияга аны өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.


28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандары болгон.

Количество просмотров: 21