• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Тагаев Чүй районунун акими болуп дайындалды

14 Жалган куран 202417:24 Бишкек Govori.TV

Русланбек Тагаев Чүй облусунун Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Тагаев Русланбек Таштанбекович Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле президент кол койгон тескемеге ылайык, Алмаз Аттокуров Чүй облусунун Чүй районунун акими кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 152