Талант Сарбагышев Чолпон -Ата шаарынын мэри болуп дайындалды
Талант Сарбагышев Чолпон -Ата шаарынын мэри болуп дайындалды
19 Тогуздун айы 2018 17:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Талант Сарбагышев Чолпон -Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин «Табылга» жана «Республика» фракциялары сунушташкан. Анын шайланышына 20 депутаттын ичинен 12си добуш берген.
Талант Сарбагышев —милициянын отставкадагы полковниги. Ал 2016-жылы декабрда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Былтыр январда төрага болуп дайындалган.
Эске салсак, мурунку мэр Карыбек Саралаев депутаттардын ишениминен ажырагандан кийин кызматтан кеткен.