• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Талап-тоноого шектүүлөр кармалды

10 Үчтүн айы 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-январында болжол менен саат 04:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Павлов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Анда 1992-жылы туулган К.Б аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Редми Нот” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө күч колдонуп тартып алышканын айткан.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Шектүү катары 1996-жылы туулган А.Р. жана 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу жарандар кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4174