Бишкек.10.11.2018.Govori.TV
Бүгүн, 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда белгилүү 20 кишиге тургузулган эстеликтердин салтанаттуу ачылышы болду.
Айкелдердин арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар.
Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен. Айкелди жасоого кеткен каражат, эстелиги тургузулган адамдардын жакындарынын чөнтөгүнөн каржыланган.
Иш-чарага облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты.