8 ноябрда саясий активистердин тарабынан “Талас” саясий ынтымагы түзүлдү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу өз баракчасына жайгаштырган.
Ынтымактын негизги максаттары:
1. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө салымын кошуу.
2. Мыйзам чегиндеги коомдук-саясий иштерди алып баруу.
3. Регионализмге жана бөлүп жарууга каршы иштерди алып баруу.
4. Жарандык ой-пикирлер үчүн саясий аянтчаларды түзүү.
5. Шайлоо процесстерине катышуу.
“Талас” саясий ынтымагы Баш мыйзамга жооп бербеген жана каршы болгон, диний, расалык ой-максаттарды көздөгөн иш-чараларды жана максаттарды колдобойт жана көздөбөйт.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …