• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таласта 192 окуучуга ылайыкташкан мектептин курулушу жүрүүдө

23 Бугу 2023 13:45 Бишкек Govori.TV

Талас районунун Бал-Бал айлындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин 90% бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш агенттигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Таластын Калба айыл өкмөтүнүн Бал-Бал айылындагы курулуп жаткан мектеп 192 окуу орунга пландалган.

«Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1361,0 м2 түзөт. Мектеп спорт залы, ашкана жана акт залы менен жабдылган. Мектепте окуу процесси үчүн бардык зарыл шарттар бар. Азыркы учурда аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин кɵлɵмү 90% түзөт. Бүгүнкү күндө сырткы көрктөндүрү жана жашылдандыруу иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 64