Талас облусунун Бакай-Ата районунда атасынын өлүмүнө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү Кара-Коюн өзөнүндөгү кашарлардын биринде болгон. Анда 74 жаштагы карыянын кичүү уулу талаада мал жайып жүргөн жеринен мылтыктын үнүн угуп сарайга келген. Жерде атасы кансырап жатканын көрүп, ооруканага алып барган. Жаракат алган аксакал жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
«Иликтөө иштеринде шектүү катары карыянын улуу баласы кармалган. Учурда ал сурак берип жатат», — деп айтылат маалыматта.