• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таласта элден акча жыйнап, пирамида түзгөн компаниянын иши териштирилүүдө

8 Кулжа 2021 14:30 Бишкек Govori.TV

Талас шаарында элден акча жыйнап пирамида сыяктуу ыкма менен иштеп жаткан компаниянын иши териштирилип жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга 4-июнь күнү Талас шаарынын автобекетине элдер чогулуп жаткандыгы туууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ барганда Талас шаарынын автовобекетинин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Анын өкүлү Талас районунун Таш-Арык айылынын 37 жаштагы тургуну Т. К. экени белгилүү болду. Ал өзүнүн наамына «Ашар касса» ЖЧКсын ачып, кийинчерээк «Эл биримдиги» өнүктүрүү фондуна өзгөртүлгөн. Аталган факт боюнча К. Т. ШИИБге алып келинип, түшүнүк кат жазган.

Аталган уюм «Эл биримдиги» өнүктүрүү фонду деп аталып, элди жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөй турганын, акча чогултуп кайра көбөйтүп берүүнү убадалаганы айтылды.

Ал арада социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте бир нече капка салынган жана жерде үйүлүп жаткан акчаны санап жаткан видео жарыяланды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 425