• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Таласта өгөй атасы 3 жыл бою зордуктап жүргөн кыз кош бойлуу

1 Теке 2021 9:53 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институту Талас облусунда өгөй кызын 13 жашынан баштап үч жыл зордуктап жүргөн кишини таап, жазага тартууну укук коргоо органдарынан суранды. Бул тууралуу институттун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Омбудсмен аппаратына Талас районунда секелекти өгөй атасы зордуктап, кыздын беш айлык боюнда бар экени жөнүндө маалымат түшкөн. Кайрылган жаран милиция шектүүнү таппай жатканын жана кызга психологиялык жардам керектигин билдирген.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгү аталган кыздын 35 жаштагы апасына байланышкан учурда маалымат чын экенин айтып, 29-июнда арыз жазган. Ал арызында 1971-жылы туулган жолдошу Б. Б. менен 2014-жылдын 10-майында баш кошуп, ортодо эки балалуу болушканын айткан. Мурунку күйөөсүнөн үч баласы бар. Күйөөсү Б.Б. уруп-сабаганына карабай, «дагы бир күйөөдөн чыкты» аттуу болгусу келбей чыдап жашап жүргөн.

2019-жылы «Кызыл Ай» коомунун жардамы менен баласынын жүрөгүнө операция жасатканы Корея өлкөсүнө кеткенде күйөөсү Б.Б. биринчи никесинен төрөлгөн ошол кезде 13-жаштагы кызын зордуктаган. «Бирөөгө айтсаң апаңды, эки биртууганыңды өлтүрүп койом», – деп коркуткан. 3 жыл үйдө эч ким жок кезде пайдаланып, күч колдонуп зордуктап жүргөн. Азыр кызы 16 жашка чыккан. Милицияга арыз жазгандан кийин күйөөсү качып кеткен.

Арыз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көзөмөлүнө алынганы айтылат.

Количество просмотров: 2428