• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип 42 жаштагы айылдашы кармалды

26 Чын куран 2022 18:11 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үйүр-Марал айылында майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип 42 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучу кыздын агасы арыз жазган. Ал арызда 18-апрель күнү биринчи топтогу майып, 30 жаштагы карындашынын алсыз абалынан пайдаланып, «Боди» аттуу киши зордуктаганга аракет кылганын жазган.

«Аталган билдирүү боюнча Бакай-Ата РИИБнүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Шектүү катары ​Үйүр-Марал айылынын​ ​1980-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну​ аныкталган. Жабырлануучу ​соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. ​ Анын жыйынтыгы денесинде күч колдонулган жаракат белгилери жоктугун көрсөткөн. Факты «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 159