Талас районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, милицияга 31-июль күнү Талас районунун Талды-Булак жана башка айылдарынан 6 жаран арыз жазышкан. Алар 2023-жылдын июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш койлорун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтышкан.
Ал фактылар баары кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмыштардын бети ачылып, шектүүлөр кармалган. Аталган кылмыш ишине шектүүлөр Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы жарандары экендиги аныкталды. А.И., Т.А., Т уулу Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.