• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Таласта өзгөчө кырдаал режими алынды

30 января 2023 в 15:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-январда Талас районунда киргизилген өзгөчө кырдаал режими Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен алынууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун И.Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучун жараткан.

«Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тазалоо иштерин аткарууга төрт куткаруучу, Токой чарба кызматынан эки кызматкер, айыл өкмөтүнөн беш кызматкер “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген ишканасынан бир экскаватор тартылган.

Количество просмотров: 113

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда