• Жекшемби 2 Тогуздун айы 2022
  • Воскресенье 2 Октябрь 2022

Таласта жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 кг марихуана табылды

20 июля 2022 в 9:09 Бишкек Govori.TV

 Талас шаарында жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 килограммдан ашык марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Канал-Невский щит” эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлгөн. Жеке үйдүн сарайынан өзгөчө жытына ээ болгон марихуана салынган 1,5 кап табылган. Андан ары ушул эле үйдүн аймагында жайгашкан мончодон ичинде май суюктугу бар литрдик пластик бөтөлкө табылган.

«Экспертизанын алдын ала корутундусу боюнча, аталган суюктук каннабис экстракты болгон. Алынган марихуана затынын жалпы салмагы 21 кг 385 граммды, каннабис экстрактыкы 475 граммды түзгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Бул кылмыш ишинин негизинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жашаган 28 жаштагы У.А. кармалып, иликтөө иштери жүргүп жатат.

Количество просмотров: 159

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда