• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таластагы токойдо 16 жаштагы кыз зордукталган. Шектүү катары 2 адам кармалды

3 Бештин айы 201915:07 Бишкек Govori.TV

23-ноябрда Талас шаарындагы токойдо 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Тurmush.kg басылмасы өздүк булактарынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя түнкү саат 2:00 чамасында болгон. Кыз орто кесиптик билим берүү жайларынын биринде билим алып жүргөн. Кылмышка шектелип 20 жаштагы 2 жигит кармалды.

Талас ОИИБ басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, иликтөө жүрүп жаткандыгын кабарлады. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучу 2003-жылы туулган кыз экендигин такташкан. Кылмышка шектелген 2 адам үй камагында кармалууда. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Булак: turmush.kg.

Количество просмотров: 628