• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тамада Арстан Алайды сотко берди

17 Жалган куран 202017:07 Бишкек Govori.TV

Теле алып баруучу жана тамада Урмат Асанбеков Арстан Алайды сотко берди.

Маалым болгондой доо арыз бүгүн, 17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотуна берилген.

Буга чейин Арстан Алай (Абдылдаев) маалымат жыйында Кытайга коронавирусту өзү жөнөткөнүн билдирген болчу. Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттап, чектөө жана тыюу салууларга байланыштуу айрым адамдар үй-бүлөлүк иш-чараларын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Мындан улам Урмат Асанбеков жумушунан кол жууганын айткан.

«Иш-чараларда алып баруучулук жумушумдан ажырап, мага нравалык зыян келтирилди», — деп айтылат доо арызда.

Буга байланыштуу Асанбеков соттон Арстан Алайдан моралдык чыгым катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган.

Количество просмотров: 309