• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тамаданын доо арызына Арстан Алай жооп берди

17 Жалган куран 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

Тамада Урмат Асанбеков соттон Арстан Алайдан моралдык чыгым катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган. Буга байланыштуу Арстанбек Абдыбековго (Арстан Алай) байланышканыбызда ал буга тиешеси жок экенин айтат.

«Кыргызстанда коронавирус жок болгонуна карабай, Өкмөт окуучуларды карантинге таратып, массалык иш-чараларга тыюу салды. Андыктан доо арызды мага эмес өкмөткө жолдосун»,-деди Абдылдаев.

Эске салсак, бүгүн, 17-мартта тамада Урмат Асанбеков Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алай) сотко берген. Ал буга чейин Арстан Алай маалымат жыйында Кытайга коронавирусту өзү жөнөткөнүн билдиргенин белгилеп, Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттап, чектөө жана тыюу салууларга байланыштуу жумушунан кол жуугандыктан соттон моралдык чыгым катары 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган.

Количество просмотров: 259