• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тарых музейине Бакиевдин сүрөтү илинди

19 Жетинин айы 2021 16:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды. Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Ошондой эле мурдагы президенттердин сүрөттөрү да илинген.

Алардын арасында  качкын президент Курманбек Бакиев да бар. Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. 

Буга чейин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратына мекеменин мурдагы башчыларынын тактасы ачылган, анда башка жетекчилер менен чогуу Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинген. Мындай көрүнүш коомчулукта талкуу жараткан. Көп өтпөй, ИИМ мурдагы жетекчилеринин катарында илинген Жаныш Бакиевдин портретин алып салып, элден кечирим сураган. 

Количество просмотров: 1121