• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тарыхый сүрөт: Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар бир камерада

19 Чын куран 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

Жактоочу Канат Хасанов жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө айыпталып кармалып, учурда абакта жаткан саясатчы, блогер, активисттердин сүрөтүн жарыялады.

Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырды. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган.

Учурда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын ичинен жалгыз гана укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы анын адвокаты ооруп калганына байланыштуу карала элек.

Количество просмотров: 102