Бүгүн, 6-октябрда “Ала-Тоо” аянтына чогулган эл менен жолугушууга Садыр Жапаров келди. Ал митингчилердин алдына чыгып, сөз сүйлөп, тез арада президенттин милдетин аткаруучу адамды дайындоо керектигин билдирди.
Ал эми «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да эл алдында сөз сүйлөп, өлкө башчынын милдетин убактылуу аткаруучу катары Садыр Жапаровду дайындоо сунушун айтты.
Эске салсак, 5-октябрда башталган митингдер массалык башаламандык менен уланып, №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтта чогулган митингчилерге алынып келинген.
УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган.