• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиев: Президент экөөбүздү каралап, күнөөгө баткандар бар

1 Баш оона 2021 22:26 Бишкек Govori.TV


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы окуялар боюнча Фейсбуктагы өздүк баракчасына билдирүү жазды.

«Урматтуу мекендештер! Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөлөрүгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазып элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт. Эми мынтип мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча мен албайм, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат. Өлкөбүздү гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз», — деп жазды Камчыбек Ташиев.

Количество просмотров: 2009