Бүгүн, 12-ноябрда Талас шаарында 150 орунга эсептелген “Мекен” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Ташиев УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын жалпы аянты 25 сотых , ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.