• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев: Жакында чоң чиновниктерди кармайбыз

26 Бугу 2023 10:01 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде каржы тармагынын жогорку кызматтагы өкүлдөрү жакынкы аралыкта кармаларын билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдө ири суммадагы акча үчүн мамлекетти алдаган шылуундар болбошу керек.

«Көбүнчө мындай кылмышкерлер каржы жана банк тармагында болушат. Анан ачык айтам, бул маселе Каржы министрлигинде көп көтөрүлүп жатат. Биз бүгүн-эртең айтабыз жакында чоң чиновниктерди кармайбыз. Элдин акчасын колуна кармап, бирок аны туура эмес, натыйжасыз, жеке максаттарына жумшаган чиновниктерди, каржы тармагындагы мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартабыз, тартканда да катаал жазага тартабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын башчысы коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирген. Анын айтымында, эми коррупционер тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен чектелбейт.

Количество просмотров: 176