Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин алдамчылыкка шек саналып кармалган бажасынын камактагы мөөнөтүн узартты.
Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сот аны 11-сентябрга чейин камакта калтырган.
Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) Түркиянын жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден көп суммадагы акча алган деген шек менен кармалганы июль айында белгилүү болгон.