• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ташкентте өспүрүм кызга асылган таксист 5 суткага камалды

14 Жалган куран 20249:21 Бишкек Govori.TV

Ташкентте 15 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү айтып, асылган таксист 5 суткага камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

12-мартта Ташкенттин Мирабад райондук сотунда сексуалдык асылуу иши боюнча сот отуруму өттү.

Сотто жабырлануучунун апасы 9-мартта жашы жете элек кызын үйүнө жеткирүү үчүн “Яндекс Го” таксисин чакырганын билдирди. Жолдо бара жаткан айдоочу өспүрүмгө ыпылас суроолорду берген. Кыз айдоочуга болгону 15 жашта экенин айткан, бирок ал асылганын токтоткон эмес.

Таксист күнөөсүн толук мойнуна алып, кечирүүнү өтүндү.

Сот айдоочуну Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин “сексуалдык мүнөздөгү асылуу” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 5 суткага камакка алды.

Количество просмотров: 80