• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ташкентте жүргүнчү ташыган автобустарды аялдар да айдай баштады

28 Бирдин айы 202418:21 Бишкек Govori.TV

Ташкентте транспорт тармагындагы гендердик теңчиликти камсыз кылуу максатында аялдарга да чоң автобустарды (электробустарды) башкарууга уруксат берилди. Бул тууралуу «Тошшахартранс» ачык акционердик коому билдирди.

Кыз-келиндерге чоң автобустарды жана электробустарды башкарууга расмий уруксат берилгенден кийин Наргиз Гадаева менен Саодат Шерматова жүргүнчү ташуучу автобустун айдоочусу болуп иштөөнү чечишкен.

Учурда эки аял тең практикалык окуудан өтүүдө.

Мурдараак Өзбекстандын министрлер кабинети аялдарга салмагы 2,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды же 14төн ашык жүргүнчүсү бар автобустарды башкарууга уруксат берген токтом чыгарганы кабарланган.

Количество просмотров: 104