• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ташкентте жети жаштагы кызга ыдык көрсөткөн киши 18 жылга соттолду

22 Аяк оона 2023 10:33 Бишкек Govori.TV

Ташкентте жети жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө айыпталган 55 жаштагы тургун 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Nemolchi.Uz долбоору 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Ташкент шаардык соту Х.А. аттуу жергиликтүү тургунду «Табигый эмес түрдө жыныстык муктаждыкты мажбурлап канааттандыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Быйыл июлда Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде 55 жаштагы эркек киши жети жаштагы кызга жаман ой менен тийишкени аныкталып, шектүү видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен бир суткадан кийин кармалган.

Nemolchi.uz маалымат каналы акыркы жылдары педофилияга байланыштуу ондогон окуяларды коомчулукка алып чыкты. Хорезм облусундагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан 15-17 жаштагы кыздар он ай бою мамлекеттик аткаминерлер менен жыныстык катнашка мажбурланганы тууралуу да алгач ушул канал жарыялаган.

Количество просмотров: 116