Энеси уруп чарчап калган 3 жаштагы Бексултанды врачтар жана социалдык кызматкерлер көмүшөт.
Бала чарчап калган соң эч бир жакыны алып кетүүгө келген эмес. Белгилүү болгондой баланын тайлары баладан такыр баш тартышкан.
Баланы жакын жердеги бейитке бардык ырым-жырым менен коюшат. Чыгымды врачтар жана социалдык кызматкерлер өздөрүнө алышат.
4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Ал 2 жаш 8 айлык уулу “тепкичтен кулап кеткенин» айткан.
Догдурлар текшергенде наристенин денесинде көгала тактар болгон, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласын депкир менен сабаганын мойнуна алган.
Келинге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бала чарчап калган соң кылмыш ишинин беренеси «адам өлтүрүүгө» алмашты.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …