• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тайырбек Сарпашев: “Эч кандай кызмат сунушталган жок, үйдө эс алуудамын…”

21 Бирдин айы 2018 16:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
“Азырынча эч кандай мамлекеттик кызмат сунушталган жок, үйдө эле эс алып жатам”. мындай жоопту Govori.TVга экс-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анткени, социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары «Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусунун башчылыгына келиши мүмкүн» деп жазышкан болчу.
“Кимдир бирөөлөр мени эстеп кетип, эмне деген ушак чыгаар экен деп жазып коюшса керек. Азырынча, эч кимден эч кандай сунуш ала элекмин, тынч эле эс алып үйдө жатам. Мамлекетке  жакшы эле кызмат кылып бердик, эми деле, иш берсе майын чыгарабыз”,-деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, Тайырбек Сарпашев, 2017-жылдын жайында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан кеткенден бери бош. Ага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок, далилдердин жетишсиздигинен улам жабылганы маалым.
Количество просмотров: 23