• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тажик президенти Эмомали Рахмон жарандарды койгон лайктары үчүн куугунтуктобоону ИИМден талап кылды

31 Тогуздун айы 202416:00 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы кызыктуу маалымат таратты.

Анда мындай деп айтылат: «Акыркы кездерде органдар социалдык тармактарда жайылтылып жаткан материалдарга жана видеороликтерге айрым жарандар койгон жактыруу белгисин (лайк) койгону үчүн чоң кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Ачык айтканда, кээ бир органдар аларга каршы негизсиз кылмыш иштерин козгоп жатышат. Мындай аракеттерди жок кылыш керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Эмомали Рахмон муну 29-октябрда Дүйшөмбүдө жогорку квалификациядагы аскер кадрларын даярдоочу мамлекеттик мекеменин ачылышында айткан.

Тажикстандын бийлигине жакпаган кабарлардын алдына лайк койгон жарандарга кылмыш ишин козгоо бир нече жылдан бери уланып келүүдө.

Мисалы, 2018-жылы Хатлон облусунун Вахш районунун жашоочусу Алиджон Шарипов Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын видеосюжетинин алдына лайк койгону үчүн 9,5 жылга абакка кесилген. 2019-жылы Согдий облусундагы Пенджикент шаарында мурдагы имам Кори Шохон Косимов «Одноклассники» социалдык тармагындагы «экстремисттик» делген маалыматка лайк койгону үчүн 1,4 жылга соттолгон. Ал эми 2024-жылы YouTubeдагы видео алдына лайк койгону үчүн Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жашоочусу соттолгону да белгилүү болгон.

Ошон үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жарандардын койгон лайктары үчүн ИИМден куугунтуктобоону талап кылды.

Количество просмотров: 265