• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстан: былтыр тажик блогерлери 3 млн доллар киреше табышты

2 Бирдин айы 2024 11:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Салык комитети былтыр тажик блогерлери 33,5 миллион сомони же 3 миллион долларга жакын киреше тапканын билдирди.

Расмий маалыматта тажик блогерлери өткөн жылы жалпысынан 2,5 миллион сомони салык төлөгөнү айтылат.

Муну көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда акыркы эки жылда кирешеси азайганын блогерлер өздөрү да айтышууда.

2024-жылдын 1-январына карата 91 блогер каттоодон өткөн. Бир жыл мурун расмий катталган блогерлердин саны 60 болчу.

Бул арада Салык комитети айрым блогерлерди салык төлөөчү катары катталбай, кирешесин жашырып жатат деп айыптады. Комитет мындай блогерлерге кайрылып, алардын ысымдары коомчулукка жарыяланарын эскертти.

Тажикстанда блогерлерди салык төлөөчү катары каттоо 2020-жылы башталган.

Количество просмотров: 134